04.05.2018 18:11

Америкада инкассатордун унаасынан түшүп калган 600 миң долларды ээсине кайтарышты

Америкада инкассатордун унаасынан  түшүп калган 600 миң долларды ээсине кайтарышты

Американын  Индиана штатына караштуу Индианаполис  шаарында жүрүп бараткан инкассация унаасынын арткы эшиги ачылып кетип, мүшөктөгөн акча жолго чачылды.

Анда жолго дээрлик 600 миң доллар түшүп калган. Айдоочу акчанын түшүп калганын байкаган эмес.

Чоң жолдо дароо башаламандык жаралган. Көргөндөр унааларынан түшө калып, акча чогултуп башташкан. 

Кээлер көрүнүштү тасмага түшүрүүгө шашышкан.   

Инкассатор ага башка айдоочулар  кол булгалаганда гана  унаасын токтогон.

Окуя болгон жерге келген полиция чөнтөктөрүн акчага толтуруп алгандарды кармап, акчаны кайтарган.

Бирок полиция келгенге чейин акчаны чогултуп кеткендер дагы болгон. Полиция андай жарандарды акчаны кайтарып берүүгө чакырды, эгер кайра бербесе акча уурдалды деп эсептелет.