29.03.2020 15:34

Коронавирус: Америкада жугузгандар, Италияда каза тапкандар көп

Коронавирус: Америкада жугузгандар, Италияда каза тапкандар көп

Дүйнө жүзүндө кулачые кенен жайган коронавирус АКШда өтө тездик менен жайылууда. Алсак, Американын 124 миңден көп жараны вирусту жугузуп алган. Ал ортодо Нью-Йорк штатында көрсөткүчтөр абдан жогору.

Ага карабастан президент Дональд Трамп Ак Үйдүн корнавируска каршы штабынын сунушутарына таянып, карантин киргизүүгө каршы экенин билдирди.

Эске салсак, 27-мартта Трамп пандемиянын айынан кыйын абалга туш болгон экономикага жардам берүү үчүн 2 триллион доллар бөлүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Ошол эле маалда коронавирустун айынан каза тапкандар боюнча биринчи орунда Европа турат. Тагыраагы, өлүмдөрдүн үчтөн бир бөлүгү дал ошол өлкөлөргө туура келет. Италияда жана Испанияда 29-мартта 800дөн ашык адам коронавирустан каза тапты.

Дүйнө жүзүндө COVID-19га 665 миңден ашуун киши кабылды.

Ал арада вирус алгач пайда болгон Кытайдын Ухань шаары эки айлык изоляциядан кийин ачылып, кадыресе турмушка кайтууда.