14.12.2018 15:37

Америкалык компания бир жыл смартфон колдонуудан баш тарткан адамга 100 миң доллар төлөп берүүгө даяр

Америкалык компания бир жыл смартфон колдонуудан баш тарткан адамга 100 миң доллар төлөп берүүгө даяр

Coca-Cola'нын витаминдешкен суу чыгарууга адистешкен Vitaminwater туунду компаниясы бир жыл смартфонсуз жашай алган адамга 100 миң доллар төлөп берүүгө даяр. Өзгөчөлөнгөн эксперимент тууралуу расмий сайтта жарыяланды.  

«Эрки күчтүүлөр үчүн тапшырма. Күнүмдүк жашооңузга жана зериктирген иштериңизге чакыруу таштоону сунуштайбыз», —деп жазылат билдирүүдө.  

Акцияга катышуу үчүн ​Twitter же Instagram'да #nophoneforaуear жана  #contest хэштеги менен билдирүү калтыруу талап кылынат. Анда смартфондон баш тартууга даярдыгыңыздын себеби жана бир жыл бою гаджетсиз эмне менен алек болооруңуз тууралуу айтып бериш керек.  Компания бир катышуучуну тандап алып, ага чалууларды кабыл алуу функциясы гана иштеген жөнөкөй телефон берет.  Мындан кийин адистер катышуучу Twitter же Instagram'да жашыруун отурбаганына ишенүү үчүн калпты аныктоочу детектордо текшерип турушат.  

Катышууга арыздар 2019-жылдын 8-январына чейин кабыл алынат, ар бир талапкер өзүнүн күчүн төрт ирет сынап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.