09.10.2018 09:00

Америкалык жаран капчыгынан миллион доллар таап алды

Америкалык жаран капчыгынан миллион доллар таап алды

Америкалык жаран капчыгынан утушка ээ болгон лотереялык билетти таап алды, ал аны мындан 5 ай мурун сатып алган болчу. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.  

Чарльз Дадли лотерея билетин май айында Уилтон шаарынын май куюучу бекетине балмуздак алуу үчүн кире калган учурунда сатып алган.  Ошол боюнча капчыгына салып коюп унутуп калган. Октябрдын башында капчыгын керексиз нерселерден тазалоо максатында аңтарып жатып, унутта калган билетти таап алат. Лотереянын сайтынан жеңишке жеткен билеттин комбинациясын текшерип көрүп, көргөн көзүнө ишенбейт: билетиндеги 6 номердин бешөө дал келген. Дадлинин утушу миллион долларды түзгөн.

Ал бактылуу билет кайсы жерде сатылганы жазылган маалыматты көргөндө гана ага бакыт кушу жылмайганына ишенген: ал жерде баягы өзү балмуздак сатып алуу үчүн кирген май куюучу бекеттин дареги турган. Утушун алганы келген Чарльз дагы 23 күн кечиксе, лотереялык билеттин жарамдуу мөөнөтү бүтүп калмак экенин айтышкан.