27.06.2018 12:40

Антонина Шевченко UFC менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн утуп алды

Антонина Шевченко  UFC менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн утуп алды

Валентина Шевченконун эжеси Дана Вайттын "Талапкер" (Contender) шоусунда өз атаандашын жеңип алды. Кыргызстандык мушкер буга чейин жети беттешти уткан америкалык Жаймелин Нивера менен беттешкен. 

Байге катары Антонинага UFC менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилди.  

"Пантера" (6-0) калыстардын бирдиктүү чечими менен 6 таймаштын төртөөсүн утуп алды. Былтыр 33 жаштагы Антонина  2017 WMC Muaythai Female Super Lightweight World Champion титулунун ээси болгон. Анын  муай-тайдагы рекорду  (39-1, 6 KO).

Антонина өзүнүн  UFC менен келишим түзгөнүнө абдан кубанычта экенин билдирди. Мекендешибиз UFC турниринде мушташууга мүмкүнчүлүк алган экинчи кыргызстандык мушкер болуп калды.