07.04.2019 20:50

Валентина Шевченко Кыргызстанга учуп келди. "Манас" аба майданынан видео

Валентина Шевченко Кыргызстанга учуп келди. "Манас" аба майданынан видео

UFCнин чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Таиланддан Кыргызстанга учуп келди. Ал мекенине сегиз жылдан бери келе элек болчу. Өткөн жылдын 8-декабрында эң жеңил салмак категориясында чемпиондук титулун алып, Кыргызстанга жеңиш менен кайтты.

Чемпионду тосуп алуу үчүн "Манас" аэропортуна журналисттер, Шевченконун күйөрмандары, спортчулар жана бийлик өкүлдөрү болуп жалпысынан 200го жакын адам чогулган. Оркестрдин коштоосунда Валентина Шевченко менен анын машыктыруучусу Павел Федотовду тосуп алып, спорт чөйрөсү аларды атайын кортеж менен алып кетишти.