08.01.2020 14:50

Айсулуу Тыныбекова тууралуу кино тасма тартылды

Айсулуу Тыныбекова тууралуу кино тасма тартылды

Америкалык режиссер Рейчел Сайн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова тууралуу тасма тартты. Фильмдин трейлери интернет айдыңында тарай баштады. Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова чоңдор арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы дүйнө чемпиону.

Тасманын аталышы англис тилинде Aisuluu: Against the Wind, кыргызча “Айсулуу: шамаалга каршы” дегенди түшүндүрөт.

Тасманын трейлеринде кыргызстандык балбан айым кантип күрөш жолуна түшүп калганын, жолундагы татаал күндөрүн эске салат.

Ошондой эле, Токио-2020 Олимпиадалык оюндарда алтын медал утуу – анын негизги максаты экенин кошумчалаган.

Эске салсак, күрөш боюнча Кыргызстандык балбандардын бири дагы буга чейин чоңдор арасында алтын ута алган эмес. Жана Айсулуу Тыныбекова айымдар арасындагы күрөш боюнча чоңдор арасында Азиянын чемпиону болгон.