17.01.2020 10:19

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дагы бир алтын медальга арзыды

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дагы бир алтын медальга арзыды

Айсулуу Тыныбекова дагы бир алтын медальга арзыды. Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, күн мурун, 16-январда Кыргызстандык балбан кыз Италиянын Рим шаарында өтүп жаткан Matteo Pellicone аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште таймашка чыккан.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде беттешип, кытайлык, АКШлык жана орусиялык атаандаштарын жеңип алды.

Эске салсак, мурдараак ал Түркияда өткөн мелдеште дагы алтын тагынган. Yaşar Dogu 2020 мелдеши 10-12-январь күндөрү Стамбулда өткөн. Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде атаандашы азербайжандык Татьяна Омельченкону жеңип, алтын медаль тагынган.