21.02.2020 14:56

Азия чемпионатындагы алгачкы беттешинде Айсулуу Тыныбекова утулуп калды

Азия чемпионатындагы алгачкы беттешинде  Айсулуу Тыныбекова утулуп калды

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алгачкы беттешинде жеңилди. Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан.

Алгачкы кармашында эле жапониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилди. Беттешиндин жүрүшүндө 1:1 эсеби менен балбандардын күчү тең болуп, акыркы эки секундада жапон балбаны көтөрүп чаап, ыкмасына таянып жеңишти илип кеткен.

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен жапон балбаны Юкака Каваи былтыр Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында беттешип, чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткен болчу.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин үч ирет Азия чемпиону атыккан.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды.