11.11.2019 11:04

«Антошка» кафесинде чыккан өрттөн жабыркагандардын абалы тууралуу айтылды

«Антошка» кафесинде чыккан өрттөн жабыркагандардын абалы тууралуу айтылды

8-ноябрь күнү Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Антошка» тез татым жайынан өрт чыгып,  1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаган. Учурда алардын экөөсүнүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Бүгүнкү күндө ооруканада 7 жабырлануучу тиешелүү дарылануудан өтүүдө. 2 жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда. 9-ноябрь күнү 3 жабырлануучу абалы канааттандырарлык деп амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, бардык дары-дармектер менен камсыздалган», - деп билдиришти министрликтен.