05.10.2018 18:31

Апасы 4 жаштагы уулуна бала бакчада зомбулук көрсөтүлгөнүн айтып милицияга кайрылды

Апасы 4 жаштагы уулуна бала бакчада зомбулук көрсөтүлгөнүн айтып милицияга кайрылды

Бишкек шаарындагы «Көлмө» конушунун тургуну менчик бала бакчада тарбияланган баласына зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу арыз менен милицияга кайрылды. Бул тууралуу April.kg  порталына Бишкек шаардык ИИБдан билдиришти.

4 жаштагы баланын апасынын айтымында, уулун бала бакчанын 32 жаштагы тарбиячысы сабап койгон. «Сабалды делген балага медициналык кароо жүргүзүлгөндө, анын денесинен көк ала тактар табылган жок. Мындан улам, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Эгер сабаганы тастыкталса, кылмыш иши ачылат», -деп билдиришти шаардык милициядан.

Экспертизанын жыйынтыгы 10 күндүн ичинде даяр болоору айтылат.