30.01.2019 12:21

Апасы жумушка кеткен боюнча келген эмес. Оштогу батирлердин биринен 2 кичине кыз табылды

Апасы жумушка кеткен боюнча келген эмес. Оштогу батирлердин биринен  2 кичине кыз табылды

Ош шаарынын Өзгөн көчөсүндөгү батирлердин биринен кароосуз калган эки кыз табылды. Бул туурасында Ош шаардык ИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-январда шаар аймагында «Түнкү ѳспүрүм» деген аталыштагы рейддик иш чара ѳткѳн. Анын жүрүшүндө Өзгөн көчөсүнөн Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн жашы жетелек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын кызматкерлери тарабынан апасы таштап кеткен эки кыз табылган. 

«Кыздардын апасы аталган көчөдө жайгашкан үйдүн бир бөлмөсүн убактылуу жашап туруу үчүн ижарага алган экен. Эртеси күнү жумушка кетиптир. Ошол боюнча кайтып келген эмес. Үй ээсинин айтымында, андан бери 10 күндѳн ашуун убакыт ѳтүптүр. Тилекке каршы батирине киргизген аял балдардын апасынын дарегин, аты-жѳнүн толук сурап калууга үлгүрбѳгѳн. Бул аралыкта балдарга тамак-ашын берип, асырап турган», -деп билдирет маалымат кызматтан.

Кыздардын улуусунун аты - Мадина, ал - төрт жашта. Кичүүсү - Бүбина. Мадинанын айтымында, апасынын аты - Хаитхон. Жаш балдардын жашоо-шарты талаптагыдай эмес экенине күбө болгон милиция кызматкерлери Ош шаардык социалдык коргоо кызматынын кызматкерлерин чакырып, кыздар Ош шаарындагы балдар үйүнѳ ѳткѳрүлүп берилди.

Учурда балдардын ата-энесин издѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ. Апасы 2-3 күндѳн кийин бир ирет телефон аркылуу үй ээсине байланышка чыгып, балдарын карап турууну, жакында бараарын айткан. Бирок, андан бери он күндѳн ашуун убакыт ѳтүп кеткен.