13.08.2019 17:36

«Апрель» телеканалынын кеңсесин спецназ кантип басып алды? (тасма)

«Апрель» телеканалынын кеңсесин спецназ кантип басып алды? (тасма)

9-августта «Апрель» телеканалынын кеңсесин күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү басып кирип, кызматкерлерди мажбурлап тышка чыгарышкан. Бул учур имараттагы видеобайкоо камерасына түшүп калган.

«Форумга» спецназдын коштоосунда келген күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кызматкерлерди «сөздү укпасаңар, күчкө салып чыгарабыз» деп коркутушкан.

Телефонго тартууга тыюу салышып, өздөрүн орой алып жүрүшкөн.