18.10.2019 12:38

«Апрель» каналын уруксат кагаздары турганына карабай, эфирге чыгарбай коюшту

«Апрель» каналын уруксат кагаздары турганына карабай, эфирге чыгарбай коюшту

2019-жылдын 9-августунда оппозициялык маанайдагы «Апрель» телеканалынын жамааты 15 мүнөттүн ичинде күчкө салуу менен башкы кеңсесинен чыгарылды. Куралданган спецназ тобу кайсы бир «тергөөчүнү» коштоп келип, өзүбүз кетпесек, күч колдонушаарын айтышты. Тынч гана чыгып кеттик. Биз аларга «Апрелде» кеңсе башкы нерсе эмес экенин түшүндүрө алдык.  

Башкы кеңсе жабылып, мөөр басылган. «Апрель ТВ» ЖЧКсы камакка алынган. Буга карабастан, «Апрель» телеканалы бир мүнөт да ишин токтоткон жок. Кайдыгер эмес адамдардын жана медиакоомчулуктун жардамы менен биз керектүү жабдууларды чогултуп, жаңы студияны жабдый алдык. Биз өз ишибизди социалдык тармактарда жана Youtube-каналыбызда уланттык.

Ал гана эмес, биз уруксат берүүчү бардык кагаздарыбыз бар экенин эске алуу менен эфирге чыгууга да камдандык. «Апрель» телеканалы жалпыга маалымдоо каражаты катары жабылган эмес. Маданият министрлигинен телекөрсөтүүгө алган уруксатыбыз да күчүндө эле. Биз сигналдын телемунарага жетишин техникалык жактан камсыздадык, көрсөтө турчу берүүлөрдү даярдадык. 

Бирок эфирге чыгууга жол беришкен жок. «Апрель» телеканалын эфирге чыгарууну камсыздап турган «Санариптик технологиялар» ЖЧКсы эфир берүүдөн баш тартты. Жетекчиси Кубат Оторбаев «Апрель» каналынын мүлкү камакка алынганын, анын арты менен «Санариптик технологиялар» ЖЧКсындагы «Апрель» каналынын үлүшү камакка алынганын шылтоо кылды.

Биз «Апрелдин» үлүшүнүн камакка алынышы биздин аны колдонууга укугубуз жок экенин билдирбей турганын баса белгилеп кеткибиз келет. Экс-президенттин мүлкү үчүнчү колдорго өтүп кетпеш үчүн гана камакка алынган. 

Буга байланыштуу, биз «Апрель» каналынын эфирин жаап таштоо Кыргызстандагы сөз эркиндигин басууга багытталган өнөктүктүн уландысы деп эсептейбиз. Бул жагдайда «Санариптик технологиялар» ЖЧК жетекчиси бул өнөктүктү уюштургандардын жана авторлорунун колунда эрксиз курал болуп калды.   

Тилекке каршы, учурда Кыргызстандын теле эфиринде оппозициялык маанайдагы каналдар калган жок. Ким-бирөөсү менен кепке келишип алышты, башкасын коркутушту. «Апрель» телеканалы ымалага келүүдөн жана маалыматтык саясатын өзгөртүүдөн баш тартты. Жыйынтыгында жөн гана эфирди жаап коюшту. 

Биз укук коргоочу уюмдарга жана медиа коомчулукка кайрылып, Кыргызстанда көз карандысыз жана оппозициялык телеканалдардын эркин эфирге чыгуусун камсыз кылуу үчүн бардык мыйзамдуу куралдарды колдонууларын өтүнөбүз.