19.09.2019 20:15

«Апрель» сайтына бир сутка ичинде беш жолу хакердик чабуул болду

«Апрель» сайтына бир сутка ичинде беш жолу хакердик чабуул болду

«Апрель» телеканалынын сайтына соңку сутка ичинде беш жолу DDOS-чабуул болду. Техникалык адистерибиздин белгилешинче, бешөө тең чабал уюшулган. Алар өз убагында блоктолду.

Бир ай мурда сайтыбызга хакердик чабуулдар болоору туурасында жашыруун маалыматтар түшкөн. Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, ал чабуулдардын максаты – тексттерге өзгөртүүлөрдү киргизип, «Апрель» телеканалынын редациясын «Улут аралык кагылышуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга чакырык таштоого» айыптоо. Анонимдик булак IT-адистерине буюртма КР президентинин аппаратынан болгонун билдирген. Саясий абалды жана «Апрель» телеканалын жөн жерден жаап коюшканын эске алып, редакция бул версияны чындыкка жакын деп кабыл алууда.

Белгилей кетсек, «Апрель» КР мыйзамдарын жана этикалык нормалардын негизинде иш алып барууда. Каналдын эфири 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул башталгандан эки саат өтпөй өчүрүлгөн. РПО РМТР анда техникалык мүчүлүштүккө шылтап койгон. Ал эми 9-августта ИИМ тергөө башкармалыгы «Медиа Форум» имараты камакка алынганын айтып, каналдын кызматкерлерин каналдын кеңсесинен жеке буюмдарын да алдырбай чыгарып койгон. Ошол күндөн бери журналисттер каналдын кеңсесине кире албай жатат. Мунун баары сөз эркиндигине болгон басым катары медиа коомчулугу тарабынан кабыл алынган. April.kg сайты кээде иштебей калып жатканы үчүн окурмандарыбыздан кечирим сурайбыз.