25.06.2019 13:30

26-июнда «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафону өтөт

26-июнда «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафону өтөт

Эртең, 26-июнда «Апрель» телеканалы 16 сааттык  «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафонун өткөрөт.

УКМКнын Тергөө изоляторунда бош орундар калган жок. Аң-сезимдүү адамдардын дагы сабыры түгөндү.

Күнү бою саат 8:00дөн 24:00гө чейин түз эфирде ар башка студияда, ар башка адамдар менен мыйзамсыздык, саясий куугунтуктоо, бул көрүнүштөрдүн себептери жана кесепеттери тууралуу маектешебиз.

Трансляция «Апрель» телеканалынын түз эфиринде жүрөт. Ошондой эле, биздин  Facebook, Instagram баракчаларыбыздан жана YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

Күнү бою сиз:
«Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» петициясына кол  кое аласыз.
Инстаграм баракчабыздагы добуш берүүгө катыша аласыз кыргызча,  орусча.
(0312) 533-311 номери аркылуу байланышка чыгып, түз эфирде колдоо сөзүңүздү айта аласыз. 
Социалдык тармактагы трансляция учурунда өз сурооңузду калтыра аласыз, биз аны эфирдеги конокторубузга узатабыз.

Күн бою 7- Апрель 4/4 дарегиндеги Медиа Форумдун алдында «Эркин микрофон» акциясына катыша аласыздар. Келип, мыйзамсыздык жана саясий куугунтуктоо, өлкөдөгү  абал тууралуу өз оюңузду айтыңыз, биз аны эфирде көрсөтөбүз.

Бул күнү саясий туткундар темасына:
«С утра пораньше»
«Жаңылыктар»
 «Новости»
«Жаңылыктар кечи»
«Вечер новостей»
 «Нить накала»
«Кеп көөрүк»
 «Чакмак»

берүүлөрүндө кайрылабыз. 

Ошондой эле, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү маалымат борборунда студия иштейт.
Биздин максат  – баарыбыз биригип, бийликтен мыйзамдуулукту жана акыйкаттуулукту талап кылуу.