04.10.2019 09:00

«Апрель» телеканалы депутат Евгения Строковага жооп берди

«Апрель» телеканалы депутат Евгения Строковага жооп берди

Кечээ, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Евгения Строкова «Апрель» телеканалы буга чейин жабылган «Сентябрь» телеканалынын жыштыгында ачылган деп жар салды. Буга байланыштуу канал депутатка жооп берди.  

Анда депутат Жогорку Кеңештин трубинасында туруп, «Апрель» телеканалынын тагдыры тууралуу бир нече шашылыш жана терең ойлонулбаган сөздөрдү айтканы белгиленет. 

«Сизге сиздин компетенцияңыздын чеги каякта экенин көрсөткүбүз келбейт, бирок Кыргыз Республикасындагы татаал жана өтө кылдат чөйрө болгон телекөрсөтүү тууралуу сөз кылып жатып,  Сиз бир нече жаңылыштык кетирдиңиз. Аны менен коомчулукту адаштырдыңыз. Балким, атайылап кылбагандырсыз. 

Биринчиден, «Апрель» телеканалы «Сентябрь» телеканалына таандык жыштыктан эмес, өзүнүн жыштыгынан көрсөтүп келген ( ал жыштык мурунку ON1 кезиндеги жыштык). Сиздин айтканыңызды коомчулук башка бирөөнүн жыштыгын «басып» алуу катары кабыл алышы мүмкүн. Бул туура эмес жана мындай сөздөр үчүн негизинен жоопкерчилик тартуу керек эле. 

Экинчиден, «Сентябрь» менен «Апрелдин» жабылуу шартын салыштырып болбойт. «Сентябрь» соттун чечими менен жабылган. Аларга соттон өздөрүн коргоого мүмкүнчүлүк берилген. Биздин канал күч колдонуу менен, эч эскертүүсүз эфирден өчүрүлдү. Кызматкерлерди саналуу мүнөттүн ичинде куралдуу адамдар кеңседен сүрүп чыгарышты. Ошондон бери, бизге мөөр басылган кеңсеге кирип, өз буюмдарыбызды алып чыгып кетүүгө да мүмкүнчүлүк бербей жатышат.  

Эсиңизге сала кетсек, «Сентябрь» телеканалы 2017-жылы, сиздин партиялашыңыз, учурдагы президент, ал кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун дарегине сын айткандан кийин жабылган.  

Баса белгилеп кетүүчү нерсе, «Апрель» каналы «Сентябрь» жабылгандан кийин көп убакыттан кийин ачылган. Андыктан, «Сентябрдын» куугунтукталганы боюнча моралдык жоопкерчиликти биздин кызматкерлерге жүктөө аракетиңиз туура эмес. Сиз ошондо КСДП партиясынын мүчөсү, депутат болуп туруп, «Сентябрды» колдоп чыкпаганыңызды эске салбай кое албайбыз. 

Сизден мындан ары ушуга окшогон билдирүү жасаардын алдында консультанттар менен кеңешип, Жогорку Кеңештин депутатынын жоопкерчилигинин деңгээли жогору экенин аңдап туруп, анан иш кылууну суранабыз.

Андан тышкары, Сизге өлкөнүн билим берүү тутумун өнүктүрүүгө кошуп жаткан жогорку салымыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун дарегине кечээ жакында «Азаттык» радиосунун түз эфиринде «Апрель» телеканалын колдоп, анын ишин кайра жандандыруу керектигин айтканы үчүн ыраазычылык жана урматтоо сөздөрүн билдиребиз. Мындай жакшылыктын үлгүлөрү Сиз үчүн да жугуштуу болуп калаар, Евгения Григорьевна».