15.02.2019 10:25

«Апрель» телеканалына жана экс-президентке берилген доо арызды кароо боюнча экинчи отурум жүрүүдө

«Апрель» телеканалына жана экс-президентке  берилген доо арызды кароо боюнча экинчи отурум жүрүүдө

Учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда «Апрель» телеканалынын жана экс-президенттин үстүнөн берилген доо арызды кароо боюнча экинчи отурум жүрүүдө. Бул туурасында April.kg кабарчысы Айнура Исмаилова билдирди.  

Сотко судья Альбина Жээнбекова төрагалык кылып жатат.  Доогер тараптан Кеңешбек Дүйшөбаев менен Азимбек Бекназаров катышууда. Ал эми,  Акматбек Келдибеков келген эмес.

«Апрель» телеканалынын  атынан директор Дмитрий Ложников, ал эми жактоочу катары «Институт медиа полисинин» адвокаты Ахмат Алагушев катышып жатышат. 

Соттук отурумдун жүрүшүндө телеканалдын жана экс-президенттин жактоочулары Алмазбек Атамбаевдин маегинин текстине лингвистикалык экспертиза өткөрүүнү сунушташты. Юристтер экспертиза доо арыздын негиздүүлүгүн түшүнүү үчүн зарыл деп түшүндүрүштү. Жыйынтыгында, сот өтүнүчтү ачык калтырды. 

Эскерте кетсек, мурунку саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий  Ложниковдун үстүнөн сотко арызданып, ар биринен 9 миллиондон өндүрүп берүүнү суранышкан. Алардын нааразычылыгына  - экс-президенттин 10-декабрда «Апрель» телеканалына маек берип жатып, бул адамдар тууралуу айткан сөздөрү себеп болгон.