11.08.2019 19:13

«Апрель» телеканалынын кызматкерлерин кеңсесине киргизбей жатышат. Анын себебин түшүндүрүшкөн жок (видео)

«Апрель» телеканалынын кызматкерлерин кеңсесине киргизбей жатышат. Анын себебин түшүндүрүшкөн жок (видео)

«Апрель» телеканалынын кызматкерлерин «Медиа-Форумдун» имаратына киргизбей жатышат. Имараттын алдынан журналисттерди милиция кызматкерлери тосуп алышты. Алар имаратка тизме менен киргизип жатышканын айтышып, бирок, «Апрель» телеканалынын кызматкерлеринин тизмеси жок экенин билдиришти. Ал эми имарат ичинде куралчан атайын багыттагы кызматкерлер кайтарып жатышыптыр.

Каналдын кызматкерлерин киргизбөө эмненин негизинде болуп жатканын да түшүндүрүшкөн жок. Болгону буйрук аткарып жатышканын айтышты. Тергөөчүгө байланышка чыгууну сунушташып, телефон номерин беришти. Бирок ал номер иштебейт экен.

Эскерте кетсек, 9-августта саат 20:00дө «Апрель» телеканалы орун алган Медиа-Форум имаратына куралчан спецназдын коштоосунда укук коргоо органдары кирип келишип, 15 мүнөтүн ичинде бошотуу талабы менен бардыгын сыртка чыгарып салышкан. Ошол эле күнү КР ИИМи соттун чечими менен имарат жана телеканал камакка алынганын билдирген. Белгилей кетсек, бул документ эч кимге көрсөтүлө элек. «Апрель» телеканалы санарип телеберүүдө 7-августта эле соттун чечимисиз алынган. Муну маданият, маалымат жана туризм министрлиги толкундарды таратуучу жабдыктардын иштен чыгышы менен түшүндүрүп, тим болгон.

«Апрель» телеканалы муну Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон кысым катары баалайт. Маселени чагылдырып, колдоп жаткан бардык кесиптештерибизге ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле «Апрель» телеканалынын айланасында жаралган маселеге көңүл кош карабай, расмий билдирүүлөрдү жасаган медиа-коомчулугуна рахматыбызды айтабыз.