13.08.2019 22:40

«Апрель» телеканалынын жетекчиси сурактан чыкты. «Маек» 6 сааттан ашык убакытка созулду 

  Кой-Таш операциясы (5 материалов)
«Апрель» телеканалынын жетекчиси сурактан чыкты. «Маек» 6 сааттан ашык убакытка созулду 

«Апрель» телеканалынын жетекчиси 6 сааттан ашык сурак берди. Бүгүн, 13-августта саат 16:30да УКМКга суракка кирген Дмитрий Ложников саат 22:50 чамасында чыкканы белгилүү болду.

Канал жетекчисин алгач УКМК кызматкерлери 7-8-августтагы тополоң боюнча «маектешүүгө» чакырышкан. Жыйынтыгында «маек» 6 сааттан ашык созулду.   

Коопсуздук кызматында бир саат сурак берген соң, аны ИИМге жөнөтүшкөн. Беш сааттан ашык ИИМде болуп, ал жактан министрликтин Криминалдык милиция кызматына жиберилген. Криминалдык милиция Ложниковду жарым сааттан ашык кармаган.

«Көргөн-билгеним тууралуу айтып, түшүндүрүп бердим. Болгону ошол», -деди канал жетекчиси. 

Белгилей кетсек, 7-8-августтагы экс-президентти кармоо операциясы учурунда Дмитрий Ложников телеканалда болгон. 

«Мага УКМКнын кызматкери чалып, маектешүүгө келип кетүүнү сунуштады. Эч кандай суракка чакыруу кагазын алган жокмун. 7-8-августта болгон окуяларда көргөн-билгенимди айтып берүү үчүн чакырып жатышканын айтышты. Мен ал күндөр боюнча көп нерсе айтып бере алам деп ойлобойм. Анткени, дал ошол убакта мен телеканалда болчумун, каналдын иши менен алек болуп аткам. Биздин каналды жаап салганга чейин жумушта жүргөм»,- деген Дмитрий Ложников.