13.08.2019 21:15

«Апрель» телеканалынын жетекчисинин сурак берип жатканына төрт сааттан ашты

«Апрель» телеканалынын жетекчисинин сурак берип жатканына төрт сааттан ашты

«Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложниковдун сурак берип жатканына төрт сааттан ашты. Аны бүгүн, 13-августта саат 16:30га 7-8-августтагы тополоң боюнча «маектешүүгө» чакырышкан. 

Саат 16:30да Дмитрий Ложников УКМК имаратына кирген. Ал жакта бир саатка жакын сурашкан соң, ИИМге жөнөтүшкөн, ошол боюнча чыга элек.

Белгилей кетсек, 7-8-августтагы экс-президентти кармоо операциясы учурунда Дмитрий Ложников телеканалда болгон. Андыктан, аны бул иште күбө катары суракка алуунун өзү күмөндүү.

«Мага УКМКнын кызматкери чалып, маектешүүгө келип кетүүнү сунуштады. Эч кандай суракка чакыруу кагазы болгон жок. 7-8-августта болгон окуяларда көргөн-билгенимди айтып берүү үчүн чакырып жатышканын айтышты. Мен ал күндөр боюнча көп нерсе айтып бере алам деп ойлобойм. Анткени, дал ошол убакта мен телеканалда болчумун, каналдын иши менен алек болуп аткам. Биздин каналды жаап салганга чейин жумушта жүргөм»,- деген Дмитрий Ложников.