27.03.2019 12:15

Арашан айылында бычак менен куралданган 3 өспүрүм үй тоноого аракет кылышкан

Арашан айылында бычак менен куралданган 3 өспүрүм үй тоноого аракет кылышкан

Аламүдүн РИИБ кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелип 3 өспүрүм кармалды, алардын Чүй облусунун аймагында жасалган башка кылмыштарга да тиешеси бар болуп чыкты. Бул туурасында облустук ИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-март күнү Аламүдүн райондук ИИБине Арашан айылынын жашоочусу (аял киши) В.М. арыз менен кайрылып, түнкү саат 2:30да бычак менен куралданган  беткапчан 3 адам үйүнө кирип аны тоноого аракет кылышканын билдирген. Окуя тууралуу кабар алган ыкчам топ дароо Аламүдүн аймагына жөнөгөн. 

Кылмыштын изи сууй электе 3 адам колго түшкөн.  Алар 15 жаштагы Ж. А., К.М.  жана 16 жаштагы M.Д.  болгон. Алардын экөө Чүй облусунун жашоочулары болуп саналат, бири -Бишкек шаарынын тургуну. Алдын ала тергөө учурунда алар башка кылмыштарга тиешеси бар деп табылган. 

2019-жылдын 14-мартында  Таш-Мойнок айылынын тургуну А.А. милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар короодо токтоп турган  «Ниссан Марч»  унаасын ачып, ичиндеги акчасын уурдап кеткенин билдирген. Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

Андан сырткары, Сокулук райондук ИИБге Ново-Павловка айылынын тургуну И.А. кайрылып, 14-мартка караган түнү белгисиз адамдар короосуна токтотулган «ВАЗ 2107» унаасын айдап качканын билдирген. Кийин унаа Аламүдүн районунун аймагынан табылган.

Бардык жогоруда айтылган фактылар Аламүдүн ИИБинин Бирдиктүү реестрине катталган. Учурда зарыл болгон экспертиза дайындалды. Шылуундардын дагы башка ушул  сымал иштерге тиешеси бары-жогу  текшерилүүдө.  Кылмыш иштин материалдары боюнча тергөө уланууда.