23.08.2018 10:31

Араванда намазканадан чыккан өрт апасы менен уулунун өмүрүн алып кетти

Араванда намазканадан  чыккан өрт апасы менен уулунун өмүрүн алып кетти

Араван районундагы Гүлбар айылында намазкана өрттөнүп, анын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

23-август күнү Ош облусунун Араван районунда, алдын ала маалымат боюнча Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылында намазканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:15те КР ӨКМнин Араван райондук №64 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №12 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 07:50дө чектөөгө алынды.

Өрт саат 09:28де толук өчүрүлгөн. Такталган маалымат боюнча, өрттүн кесепетинен 2 адам каза болгон: Алардын бири 36 жаштагы О.Г. аттуу аял, экинчиси 10 жаштагы бала. ӨКМдин маалыматына караганда, каза тапкандар - апасы менен баласы болгон. Алардын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.