29.10.2018 10:54

Арыктан табылган сөөк. Ысык-Көл ОИИБ кылмыш ишин козгоду

Арыктан табылган сөөк. Ысык-Көл ОИИБ кылмыш ишин козгоду

Ысык-Көл облусунун Жон-Булак айылынын четинде киши колдуу болуп өлгөн адамдын сөөгү табылды. Бул туурасында облустук ИИБден билдиришти.

27-октябрь күнү эртең мененки саат 8.00дө Жети-Өгүз райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жон-Булак айылынын четиндеги арыктан белгисиз адамдын сөөгү табылганы туурасында маалымат түшкөн.

Жерине барган тартип сакчылары ал адам киши колдуу болгонун аныкташкан. Эркек кишинин денесинде көп сандагы уруп-согуулардын изи калган. 

Бул факт боюнча КР кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголду. Өлтүрүлгөн адам 32 жаштагы Каракол шаарынын тургуну А. Бактияр экени аныкталды.

Өтө оор кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.