09.08.2019 11:44

Асель Кодуранова ИИМге суракка алынып келинди

Асель Кодуранова ИИМге суракка алынып келинди

КСДП төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованы ИИМге алып кетишти. Бул туурасында April.kg порталына партиядан билдиришти.

Депутат азыр мекемеде экени айтылат. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча Кодуранова Кой-Ташта 7-8-август күндөрү болгон чабуул учурунда спецназдардын барымтага алынышы боюнча ачылган кылмыш ишине күбө катары чакырылды.

Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө экс-президентти кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Ага атайын багыттагы отряддын жоокерлери тартылган.  Алар экс-президенттин тарапташтарынын катуу каршылыгына тушугушуп, артка чегинүүгө мажбур болушкан.

Отряддын 6 жоокери экс-президенттин үйүндө калган. Кечээ 8-августта экинчи чабуул болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына анын тарапташтарына тийбөө талабын коюп, өз эрки менен колго түшүп берген.

Кийин атайын багыттагы отряддын 6 жоокерлерин барымтага алуу фактысы менен кылмыш иши ачылганы маалымдалган. Бул иш боюнча президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов дагы кармалып, азырынча бөгөт чарасы тандала элек.  

КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «спецназдын жоокерлерин эч ким барымтага албаганын, тескерисинче, аларды жаалданган топтон сактап калышканын» билдирген.