24.12.2018 11:44

Асель Кодуранова: Иса Өмүркулов ротацияны өзүнөн баштасын

Асель Кодуранова: Иса Өмүркулов ротацияны өзүнөн баштасын

Саясий оюнбу же Иса Өмүркулов айткандай, чын эле ротациябы? Узап бара жаткан аптада Асель Кодуранова вице-спикерликтен эмне себептен алынды? Ушу жана башка суроолорго жооп алуу үчүн «Апрель» телеканалынын «Жаңылыктар кечинин» жыйынтыктоочу чыгарылышына Кодуранова Асель Союзбековна конок катары чакырылды. 

— Саламатсызбы? Вице-спикерликтен кеткениңиздин анык себеби эмне болду? Ар кандай сөздөр айтылып жатат, чындыкты өз оозуңуздан уксак. 

—Жума күнү биздин фракциянын отуруму өтүп жатканда менин маселем көтөрүлөт дешсе, мен өзүм деле катышмакмын. Тилекке каршы, ошол күнү бизде башка иш-чаралар болуп жаткан. Мындай маселе болуп жатканын мен саат 14:00гө жакын угуп калдым. Болсо боло берсин, карашса карай берсин дегем. Айрым депутаттар да отурумга баратып, фракцияда бул маселе карала турганын угуп, кирбей коюшканын айтышты. Себеби, мен жок болсом, караганы туура эмес эле. Фракциянын отурумунан 5-10 мүнөттөн кийин эле ачык маалыматка чыкты. Кетирген себеби- демарш кылды. 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Республиканын» депутаты Максат Сабиров туруп, Өмүрбек Бабановдун маселесин киргизип берүүнү суранды. Мен ага «бул маселе биринчи комитетте каралышы керек, андан кийин гана палатага чыгыш керек»,- десем, ал киши айтты: «Асель Союзбековна, мындай маселени көп далай жолу комитетке жибербей эле палатадан караганбыз, сиз добушка коюңуз, өтсө өттү, өтпөсө жок». Мен «мейли» деп, ал күнү филармонияда залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата маараке болуп жаткандыктан, ушундай сунуш менен күн тартибине киргизбей, саат 14:00дө добушка коеюн дедим. Депутат сунуш берип жаткандан кийин мен аны добушка коюуга милдеттүү болчумун. Себеби, ал күнкү жыйындын алып баруучусу мен болчумун. Регламентте да ушундай жазылган: депутат сунуш менен келсе, биз аны күн тартибине киргизгенге милдеттүүбүз. Бирок, палата кандай чечет, аны депутаттар өздөрү билет. Ошону менен күн тартибине киргизсем, палата колдоду, угалы дешти. Ал күнү маселе көп болуп, жетишпей калдык. Эртеси жыйынды Дастан Артисбекович өзү алып барды. Максат Эсенович ошол күнү, 13-декабрда кайта эле ошол сунушун айтты. Көп сөздөр айтылып калды. Дастан Артисбекович деле мен мурунку күнү кандай тартип менен киргизсем, ал деле ошондой тартип менен киргизди. Добушту сунушка киргизгенден кийин аны деле угабыз деген депутаттар көп эле болду. Бирок, кворум болбой калып, сунуш өтпөй калды. Ошондуктан, мен ойлойм, мен жактан эч кандай бузуу болгон жок. Эгерде мен ал депутаттын сунушун киргизбесем, анда ал айтып чыкмак «сиз Регламентти бузуп жатасыз»,- деп. Биз Жогорку Кеңеш болгондон кийин биздин регламентибиз бар. Биз ошо менен иштейбиз. Башкача кылууга мүмкүн эмес. Фракциянын отурумунан кийин Иса Шейшенкуловичтин, орун басары Төрөбай Закировичтин да сөзүн ачык булактардан окудум. «Демарш кылды, Бабановдун маселесин күн тартибине киргизди» дешиптир. Бирок, кечке маал «себеп-ротация» деп башташты.

Ротация болгондо...Макул, мен деле каршы эмесмин ротацияга, бирок, мага чейин ротация болгон жок го?  Иса Шейшенкулович өзү 2,5 жылдан бери фракция лидери  болуп отурат. Анда өзүнөн баштасын ротацияны. Себеби, биздин фракциянын ичинде лидерликке татыктуу башка адамдар да бар. Бизде комитеттин төрагасы бар, үч жылдан бери ушул кызматта отурат. Өткөн чакырылышта да комитет төрагасы болчу. Ошолордон баштабайбы? Менин иштегениме бир эле жыл болду. Ротация калыс башталса, мен деле айтмакмын «ооба, бизден башкалар деле иштесин» демекмин. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошон үчүн бейшемби күнү палатадан фракциянын чечими мыйзамсыз болду деп айттым. 

—Иса Шейшенкуловичке айткан сөзүңүз эл арасына тарап кетти. «Аял киши менен кармаштың, эркек эмессиң» деген таризде да болуп кетти окшойт. Мындай сөздөрдү ал  кандай кабыл алды? Же саясатта мындай намыска  тийчү сөздөрдүн күчү жокпу? 

—Мен ошол күнү андай катуу сөздү айтпасам болмок эмес. Ооба, мен Жогорку Кеңештин депутатымын, ооба, вице-спикери болчумун, бирок, биринчиден, мен аял кишимин да. Мен энемин, менин балдарым бар. Алар деле жыйынды карашат. Күчтүү эркек болсоң, өзүңдөн күчтүү эркек таап, ошол менен каршылаш.  Ал өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. Мени деле чакырып, түшүндүрүп айтса болот эле. Мен деле бул кызмат үчүн тырышкан жокмун. Өзүнүн эрки жетпесе, Жогорку Кеңештин ичинде мен абдан сыйлаган кишилер бар, мисалы Мыктыбек Абдылдаев, ал киши биздин ЖК аксакалы, ошол кишиге деле кайрылса, ал деле мага айтмак. Бирок, өзү мага карата туура эмес кадам жасагандыктан, мен да добуш менен чечилсин дедим. Кандай добуш берилгени баарыбызга белгилүү. 

—Алгач демарш, кийин ротация. Муну кандайдыр-бир саясий оюн десек болобу?

—Ооба, бул саясий оюн. Түштө бирди айтып, кечинде башканы айтып жатканы туура эмес. 

—Өмүркуловдун өзүнүн оюнубу же анын артында бирөө турабы?

—Муну жалгыз Иса Шейшенкулович кылды деп ойлобойм. Аны баарыңар эле түшүнүп турасыңар. Кудай -тараза, эл -тараза. 

—Жогорку Кеңеште айткан сөзүңүздө Иса Өмүркулов менен 1995-жылдан бери үзөңгүлөш  болуп келатам деп айтканыңыз бар экен. Бирок, менин билишимче, Иса Шейшенкулович бир убактарда КСДПдан кетип көрсө керек эле?

— Бул сөздү бекер айткан жокмун. Мен өзүм КСДПга 1994-жылы келгем. Иса Шейшенкулович 1995-жылы келди. Ошол кезде Жогорку Кеңешке шайлоо болуп аткан. Алмазбек Шаршенович дагы шайлоого чыккан. Анда партиянын тизмеси менен эмес, округ-округ боюнча бөлүнүп, добуш берилчү. Ошондо мен Иса Шейшенкулович менен таанышканмын. Мына, бүгүн Өмүркуловду тааныганыма 23 жыл болду. 

 Андай болгон, Иса Шейшенкулович бир эмес, эки жолу башка партияга кеткен. Ал өзү да, биздин башка партиялаштар да муну жакшы билишет. Ошондуктан, менин оюмча, ал киши тараптан туура эмес кадам болду. Эми бирок, айтаар сөз айтылды. 2007-жылы биз 4-чакырылышка шайлоого даярданып жатканда Алмаз Шаршенович Иса Өмуркуловду да тизмеге киргизген. Мен анда Чүй облусунун координатору болчумун. Чүй районунун координаторлору чогулуп, Алмаз Шаршенович менен сүйлөшөбүз дегенде, маселеңер эмне десем, Иса Өмүркуловдун тизмеге киришине каршы экендиктерин билдиришкен. Аны азыркы «КСДП-Атамбаевсиз» кыймылын жетектеп жаткан Сагынбек Абдрахманов баштаган. Ал өзү ошондо тизмеде болчу, ал деле депутат болгон. Ошондо аябай көп сөз болуп кетти. Алмаз Шаршенович мага «координаторлорду чогулт, мен сүйлөшөйүн», -деди. Балдарды чогулттум, катуу сөз болду. Ошол кезде президент Бакиев эле. Ал баарын, Иса Шейшенкуловичти да куугунтукка алып жаткан кез болчу. Ошондо Алмаз Шаршенович түшүндүрдү, «Өмүркулов биздин КСДПнын кишиси, биз азыр аны түртүп ийсек, эртең Бакиевдер аны камайт», -деп Алмаз Шаршенович катуу турган үчүн Иса Шейшенкулович 2007-жылы тизмеге кирип, 4-чакырылыштын депутаты болгон. Балким, азыр Өмүркулов аны танып  чыгаттыр, бирок, ал - тарых. Мен муну оюмдан чыгарып айткан жокмун, кесиптештерим, биздин эски партиялаштар деле билет. Ал ачык булактарда да жазылып атат. Иса Өмүркуловдун азыркы кылып жатканы боюнча айтаарым, башка киши жасаса мейли эле, бирок, Иса Шейшенкуловичтин бул жасаганы туура эмес. 

— Сагынбек Абдрахмановду эстей кеттиңиз. Бул киши азыр «КСДП-Атамбаевсиз» кыймылын жетектеп жүрөт.  Дегеле, бул адамдын жеке таарынычы барбы, эмнеге мындай кадамдарга барып жатат?

—Жеке таарынычы болушу мүмкүн. Бирок, Алмаз Шаршеновичке бул кишинин таарынычы болбош керек. Себеби, 2005-жылы ал «Ар-Намыс» партиясында болчу. Ошол партиядан биздин КСДПга мүчө болуп кирди. Алмаз Шаршенович аны ЖКга 4-чакырылыштын депутаты да кылды. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин Чүйдүн губернатору да болду. Губернаторлуктан кеткенден кийин «Кыргызалтындын» президентинин орун басары да болду. Ал жумуштан алынса, эми аны Алмаз Шаршенович алган жок да. Өзүнүн кылган жумушуна жараша алынды. Соттошуп жүрдү, соттор өздөрүнүн чечимин кабыл алды. Биз аларга айта албайбыз, биз мисалы, депутат катары соттун жумушуна кийлигише албайбыз, тергөөнүн жумушуна кийлигише албайбыз. Ошондуктан, ойлойм, бул өзүнүн эле жеке таарынычы. 2017-жылы президент болом деп, талапкерликке өзүн көрсөтүп чыккан. Биздин партияга «мени чыгарбай, Сооронбай Шариповичти чыгардыңар» деп таарынган. Анан биздин Саясий кеңеш чечим кабыл алып, биздин Уставга каршы иш жасап, позициясы башкача болгону үчүн партиядан чыгарылган. Бүгүн ушундай кыймыл түзүп алып жүрөт, бирок көбү бул туура эмес кыймыл экенин түшүнүп атат. Бул да акылсыздык, бул да -алсыздык. КСДПнын башында 25 жылдан бери турган -Алмаз Шаршенович. Ал кишиден кантип партияны алат, мен түшүнбой жатам. Убакыт көрсөтөт. 

—Азыр фракция менен партиянын ортосунда байланыш, мамиле кандай?

—Фракция экиге бөлүнүп кеткени баарына эле маалым. Жарымыбыз партия менен тыгыз байланыштабыз, Саясий кеңештин отурумдарына да катышып жүрөбүз, жарымы барбай да, келбей да калды. Баарыбыз эле чоң кишилербиз, аларды үйрөтүп, мындай-тигиндей деп айтканга болбойт, ар бир киши өзүнүн чечимин өзү кабыл алсын. Кандай ойлосо да, баары бир эртең баарыбыз өз ишибиз үчүн жооп беребиз. 

-Сизге чоң рахмат.