09.10.2019 19:30

Асель Кодуранова сурактан чыга элек. КСДП төрайымын сотко алып барышары күтүлүүдө

Асель Кодуранова сурактан чыга элек. КСДП төрайымын сотко алып барышары күтүлүүдө

Бүгүн, 9-октябрда сот Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП төрайымы Асель Кодуранованын баш коргоо чарасын аныкташы мүмкүн. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында КСДП мүчөсү Кундуз Ажыбекова билдирди.

Анын айтымында, депутат айымдын 4 сааттан ашык убакыттан бери ИИМдин Тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Жанында жактоочусу жок.

«Азыр эле Башкы прокуратурадан кылмыш ишине шектеп жатышканы тууралуу билдирүү күтүп жатышканын маалымдашты. Башка маалымат жок. Баш коргоо чарасын аныкташ үчүн сотко алып барышат окшойт», -деп жазган Ажыбекова.

Анын сөзүн жактоочу Замир Жоошев дагы тастыктады.