03.04.2019 10:29

Асылбек Жээнбеков КСДПнын катарынан чыкты

Асылбек Жээнбеков КСДПнын катарынан чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков КСДПнын катарынан расмий түрдө чыгаарын, бирок социал-демократтар фракциясынын депутаты болуп кала берерин жар салды. Бул туурасында ал бүгүн парламенттин отурумунда билдирди.

Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан чыкканын, бирок мандатын тапшырбай турганын айтты. Анын айтымында, өлкөдөгү саясий абалдарга кайдыгер карабаган жаран катары КСДПнын катарынан чыгууну чечкен. «Мен өмүр бою КСДПнын мүчөсү катары калам деп үмүттөнгөм. Бирок, азыр кырдаал өзгөрүп кетти. Депутаттык ишмердигимди уланта берем», — деди Асылбек Жээнбеков.