06.11.2018 12:13

Аскарбек Шадиев: Эч кандай арыз жазган эмесмин

Аскарбек Шадиев: Эч кандай арыз жазган эмесмин

Аскарбек Шадиев Нью-Йоркко качып кеткени менен үч берене боюнча айыпталган. Кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна жиберилип, кечээ алгачкы отурум өттү. Экс-депутатка Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң долларды жымырып алган деген айып салынган.  Депутат бул жөн гана саясий буйрутма экендигин айтып, актанууда. 
Ал ортодо Боршайком Шадиевди өз эрки менен жазылган тил катынын негизинде мандатынан ажыратканын кабарлаган. Ага мурдагы эл өкүлү билдирүү жасап, эч кандай арыз жазбаганын айтып, депутаттык кызматтан кетирүү мыйзамсыз деп Америкада отуруп алып нааразы болуп чыкты.