14.05.2020 11:04

Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келишти. Бирөөсү "АЮ" компаниясынын кожоюну

Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келишти. Бирөөсү "АЮ" компаниясынын кожоюну

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-майдагы отурумунда жаңы мандат алган 2 депутат ант берди. БШК «Кыргызстан» фракциясынан депутат катары Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевди каттаган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы депутаттардын иштерине ийгиликтерди каалады.

«Кыргызстан» фракциясындагы депутаттар Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган.