13.05.2020 16:37

"Бюджетти аткара албаган өкмөт башчы жалгыз эле мен эмесмин" - Өкмөт башчы М. Абылгазиев отчет берүүдө

"Бюджетти аткара албаган өкмөт башчы жалгыз эле мен эмесмин" - Өкмөт башчы М. Абылгазиев отчет берүүдө

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөт 2019-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берүүдө.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге карата бюджеттин киреше бөлүгү боюнча көп сындар айтылды.

Абдывахап Нурбаев аттуу депутат бюджетти аткара албаганы үчүн өкмөт башчы кандай жоопкерчилик тартышы керек деген суроо узатты.

 «Өкмөттүн негизги милдети – бюджетти аткаруу. Сиз тарыхтагы эң көп кызматта отурган, ошол эле учурда бюджетти аткарбаган аз сандагы премьер-министрлердин бирисиз», - дейт депутат.

Өз кезегинде Абылгазиев  депутатты алгач статистика менен таанышып алууга чакырды.

«Статистиканы карап көрсөңүз, мен жалгыз андай премьер-министр эмесмин. Биздин аргументтерибиз, обьективдүү себептерибиз бар. Бюджетке өзгөртүү киргизип жатканда, мен толук кандуу жооп берем. Айрым кызматкерлер салык чогултууда өз милдеттерин аткарышкан эмес. Кээ бир район башкармалыктарынын жетекчилери иштен алынды», -дейт өкмөт башчы.

Абдывахап Нурбаевдин пикиринде өкмөттүн ири кемчилиги – инвесторлорго шарт түзбөй, орто жана чакан бизнеске эркиндик берген эмес.