25.09.2018 09:47

Аскер институтунун курсанты белгисиз себептерден каза тапты

Аскер институтунун курсанты белгисиз себептерден каза тапты

Бүгүн эртең менен Аскер институтунун курсанты каза тапты. Бул тууралуу КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. 

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 25-сентябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында болгон. Каза болгон жигит КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун 2-курсунун курсанты С.И. экендиги айтылат.  

Азырынча өлүмүнүн себептери белгисиз. Бирок, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет учурда тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

Окуя тууралуу Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына кабарланды. 

Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан April.kg порталына учурда курсанттын курман болгондугу тууралуу маалыматтары гана бар экенин билдиришти. Анын кандайдыр бир эски жаракаты же оорусу болгон-болбогону такталып жатат.  Кененирээк маалымат кийинчерээк берилери айтылды.