26.11.2019 17:17

Аскер прокуратурасы «Апрель» телеканалына бөгөт койду

Аскер прокуратурасы «Апрель» телеканалына бөгөт койду

Аскер прокуратурасы «Апрель» телеканалынын эфирге чыгышына тыюуу салып, “Санариптик технологиялар” ЖЧКнын чечимин четке какты.

Тиешелүү катты “Санариптик технологиялар” ЖЧКсынын директору Кубат Оторбаевге бүгүн, 26-ноябрда жөнөтүшкөн. Эске салсак, дал ушул күнү “Апрель” телеканалы эфирде өз ишин жандантмак.

Аскер прокуратурасы жөнөткөн катында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча “Апрель-ТВ” ЖЧКсынын “Санарип технологиялар” ЖЧКсындагы үлүшү камакка алынганын эскерткен.  

Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Биримкуловдун пикири боюнча үлүштүн камакка алынышы “Апрель” телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун “”Санарип технологиялар” ЖЧКсынан бир нерсе талап кылууга, ичинен “Апрель” телеканалын трансляциялоого акысы жана укугу жок” дегенди түшүндүрөт.  (тергөөчү К.Биримкуловдун катынан)

Мындан сырткары Аскер прокуратурасы “Санариптик технологиялар” ЖЧКсынын мүчөлөрү “Апрель” телеканалын иши боюнча уюштурган чогулушун “мыйзамсыз” деп тапкан.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында ЖЧКга мүчөлүк кылгандар жалпы жыйын уюштурушуп, добуш берүү аркылуу “Апрель” жана “7-канал”  телеканалдарына иштөөгө уруксаат берүү чечимин кабылдашкан.

Ага жооп катары Аскер прокуратурасы дээрлик 21 телеканал мүчөлүк кылган “Санариптик технологиялар” ЖЧКсынын ишин толугу менен токтотуп коюуу коркунучун келтирген:

“Бул иш боюнча “Санариптик технологиялар” ЖЧКсынын мүчөлөрү уюштурган жалпы жыйын мыйзамга каршы келет жана соттун чечимин аткарууга тоскоолдук көрсөтө албайт. Мындан сырткары, 21.22.2019 жылы жалпы жыйында кабылданган “Санариптик технологиялар” ЖЧКсынын №5 протоколу мыйзамсыз болгондуктан, анын устүнөн Аскер прокуратурасы соттук органдарга арыз жазып кайрылган. Белгилей кетсек, КР мыйзамдарынын талаптарын бузууда, тагыраагы күчүнө кирген соттук актыларды аткарбаган учурда “Санариптик технологиялар” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн токтотуп туруу маселеси каралмакчы” (тергөөчү К. Биримкуловдун катынан)

Белгилей кетсек, бул “Апрель” телеканалынын эфир чыгууга болгон экинчи аракети. Мурдараак, 10-октябрда обого чыгууну пландап жаткан. Бирок анда “Санариптик технологиялар” ЖЧКсынын директору Кубат Оторбаев өз чечими менен эфирге бөгөт койгон. Кийинчерээк бул чечим кайра каралып, “Санариптик технологиялар” ЖЧКсынын мүчөлөрү жалпы жыйын өткөрүп, катышуучулардын басымдуу бөлүгү Оторбаевдин чечимин четке кагышкан.

Учурда “Апрель” телеканалы Аскер прокуратурасы телеканалдын башкы кеңсесин ичиндеги жабдыктары менен чогуу камакка алганына карабастан өз ишин интернет аянтчаларында улантууда. Кайдыгер эмес Кыргызстандыктардын жардамы менен “Апрель” телеканалы эң керектүү жабдыктарды таап ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учураткан жок.

Өз кезегинде “Апрель”телеканалынын директору Дмитрий Ложников чыгып жаткан тоскоолдуктарга карабастан чыгармачылык топ ишин уланта берээрин бышыктады.

“Биз эфирге чыгуу аракетин токтотпойбуз. Укук коргоочу жана эл аралык уюмдарга, жарандык коомго, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, Аскер прокуратурасынын чечимин жокко чыгарууга аракет кылабыз”,-дейт телеканалдын директору.