28.11.2019 15:44

Аскер прокуратурасы коррупцияны ачыктаган адамды тергейт

Аскер прокуратурасы коррупцияны ачыктаган адамды тергейт

Күн мурун, 27-ноябрда АКИpress-Ош интернет басылмасына Талгат Аланов аттуу мамлекеттик чек аранын кызматкери маалымат жыйынын уюштуруп, ал жактагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кенен-чонон айтып берген.

Бүгүн, 28-ноябрда мамлекеттик чек ара кызматы өз кызматкеринин үстүнөн Аскер прокуратурасына арызданды.

Тагыраагы, Мамлекеттик чек ара кызматы бул тармактагы коррупция боюнча даттанган кызматкер Талгат Алановдун аракетине укуктук баа бериш үчүн анын айткандарын Аскер прокуратурасына жөнөтөрүн маалымдады.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Талгат Аланов өзү учурда кызматкер болгондуктан Куралдуу күчтөрдүн ички кызматынын уставын бузду. Устав боюнча Аланов алгач мекемедеги мыйзамсыз иштерди жетекчиликке же башка укук коргоо органдарына айтып кайрылышы керек болчу.

Мындан сырткары, Мамлекеттик чек ара кызматы «Аланов айткан маалымат чындыкка дал келбейт, ал мурдагы тийиштүү органдар аныктаган фактыларды айтып чыкты» деп билдирди.