07.04.2020 17:50

Алмазбек Атамбаев: Ыймандуу бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок! 

Алмазбек Атамбаев: Ыймандуу бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок! 

Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына карата Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев билдирүү жасады.

Кайрылуунун толук текстин төмөндө келтиребиз:

 “Урматтуу мекендештер! Бүгүн Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгы.

2010-жылдын 7-апрелинде кыргызстандыктар кандуу жана кылмыштуу элге каршы иштеген режимди кулаткан. 86 кыргызстандык ошол күнү набыт кеткен, жүздөгөн жаран түрдүү жарааттарды алышкан, ичинен акыркы 10 жыл аралыгында  дагы ондогон адамдар көз жумду.

Өз өлкөсүнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн арнаган кыргызстандыктардын эрдиги өз өлкөсүнө, элине жан-дили менен кызмат кылуунун үлгүсү болуп, биздин өлкөнүн жарандарынын жаңы муунуна дем берип турат.

Адам өлүмү жана курмандыктары аркылуу Кыргызстандын эли диктатурадан жана бийликтин зомбулугунан эркин демократиялык коомчулукту түзүүгө өз жолун баштаган.

7-апрелде эл эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн чыккан. Эл кулчулукка жана зомбулукка каршы чыккан. Эл Кокон хандыгын кайрадан жандантууга “Жок!” деп айтыш үчүн чыккан.

Кыргызстандыктар тизе бүгүп жашагандын ордуна, тике туруп өлгөн артык экенин далилдешкен. Биздин өлкөнүн эли үй-бүлөлүк-кландык режимдин катаал залакасын эч качан унутпайт. Бул себептүү Кыргызстандагы бийлик кылымдар бою сакталган “Ыймандуу бийде тууган жоктууганчыл бийде ыйман жок!” деген элдик акылмандуулукту эстен чыгарбашы керек.

2010-жылдын 7-апрелинде биздин намыстуу эл эркиндикке жана адилеттүүлүккө жол ачкан. Урматтуу кыргызстандыктар, майрамыңар менен!”