13.09.2019 12:07

Аскер прокуратурасы КСДП кеңсесинен компьютерлерди эмнеге ташып кеткенин түшүндүрдү

Аскер прокуратурасы КСДП кеңсесинен компьютерлерди эмнеге ташып кеткенин түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин депутаты жана КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Асель Кодуранова аскер прокурору Нуркамал Набиевдин кабыл алуусунан чыкты. Көзөмөл органынын жетекчисинин орун басары эл өкүлүнө  тергөөчүлөр КСДПнын кеңсесинен компьютерлер менен документтерди кайсы негиздеме менен ташып кеткенин түшүндүрүп берди, деп жазат 24.kg.

«Прокурордун айтымында, документ менен компьютерлерди алуу Биринчи Май райсотунун токтомунун негизинде ишке ашыптыр. Иш бөлмөлөрүнүн сыртында «КСДП» деген жазуу болбогондуктан, компьютерлерди алып чыгып кетишиптир. «Эмнеге партия өкүлдөрүн чакырып койгон жоксуңар?» деген суроого, бардык иш-аракет «Медиа Форумдун» эсепчисинин катышуусу менен жана мыйзам чегинде болгонун айтышты», — деди Асель Кодуранова.

Депутат партиянын катчылыгынын жетекчиси жана «Медиа Форумдун» башкы директору тергөө тобунун өкүлдөрү менен жолугушушу зарыл экенин кошумчалады.  Аларга кеңсени ижарага алуу боюнча келишимди алып кетүү үчүн кабинеттерге кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүп беришет. 

Эскерте кетсек, кечээ Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү КСДПнын кеңсесинен документтерди жана компьютерлерди ташып кетип жатканы маалымдалган.