12.09.2019 17:17

Аскер прокуратурасы КСДП кеңсесинен компьютерлерди жана документтерди ташып кетүүдө

Аскер прокуратурасы КСДП кеңсесинен компьютерлерди жана документтерди ташып кетүүдө

«МедиаФорум» имаратындагы КСДП кеңсесинен компьютерлер жана документтер ташылып чыгууда. Бул туурасында КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

«Мага азыр эле Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү КСДПнын «МедиаФорум» имаратындагы кеңсесинен компьютерлерди жана документтерди ташып кетип жатканын айтышты. Алар мындай процессуалдык аракеттерди жүргүзүшөөрү тууралуу партиянын өкүлдөрүнө кабарлап да коюшкан эмес. Эмненин негизинде Аскер прокуратурасы партиянын ишмердүүлүгүн текшерип жатат?», - деп суроо салат Жолдубаева.  

April.kg иштин чоо-жайын тактоо үчүн Аскер прокуратурасынын маалымат кызматы менен байланышууга аракет кылды, бирок чалууга жооп беришкен жок.