17.10.2019 14:49

Аскер серепчиси: Атамбаевди кармоодо бийлик күчүн гана көрсөттү

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Аскер серепчиси: Атамбаевди кармоодо бийлик күчүн гана көрсөттү

Кой-Ташта 7-8-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө мынча башаламан өткөн колго түшүрүү операциясы – күч түзүм өкүлдөрүнүн өз ишин билбегенинин натыйжасы. Бул туурасында аскер эксперти, отставкадагы полковник Токтогул Какчекеев Vesti.kg агенттигине берген маегинде билдирди. 

«Алар мыйзамдагы жоболорду сактоо менен иш кылышкан жок. Алар балким, мыйзамда кандай жазылганын билишпесе да керек - бизде эч ким мыйзамдарды окубайт эмеспи. Операция тобокелге салуу менен - «биз көппүз, баары бир кармап кетебиз» деген таризде өттү», -дейт Какчекеев. 

Аскер серепчисинин айтымында, жеке менчик үйүндө жашап жаткан, жай жаран катары эсептелген жана Батукаевдин ишинде болгону күбө катары өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевде мыйзам боюнча суракка келүүдөн баш тартууга толук укугу бар болчу. 

«Тергөөгө анчалык эле анын көрсөтмөсү керек болуп жатса, тергөөчү үйүнө келип, үйдөн сурак алса болот болчу, буга уруксат берилет. Күбөнү күч менен кармап кетүүгө соттун буйругу керек, анда буйрукту кайсы орган аткарышы керектиги так көрсөтүлүш керек. Бул окуяда болсо, бийлик өзүнүн күчүн гана көрсөтүп, «мен жетекчи, сен жинди» деген мамиле болду», -деп билдирди серепчи.

Анын айтымында, мындай операция өткөрүп жатканда, аны кылдат пландаштырат: катышуучулар аныкталат, кайсы органдар кошо иш алып бара турганы айтылат, ыкчам башкаруу штабы түзүлөт, байланышуу ыкмалары, операциянын башы, бүтүшү, максаты белгиленет. 

«Кой-Ташты көздөй жөнөөрдөн мурун окуянын катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратпоо үчүн Атамбаевде канча курал, канча ок-дары жана жоокер бар экенин - акыркы патронуна чейин билип алыш керек эле», -деген ойдо полковник. 

Чабуул күнү спецназдар күтүүсүздөн эле тосмону ашып чыга калып, ок ачпаш керек эле. Алгач прокурор катуу сүйлөгүч аркылуу Алмазбек Атамбаев мыйзамды бузганын жана өз эрки менен багынып бериши керектигин, болбосо, бир нече мүнөттөн кийин күч менен басып алуу башталарын эскертиш керек болчу. Серепчинин айтымында, мындай мазмундагы сөз менен жергиликтүү бийлик өкүлү да кайрылыш керек эле. 

«Атайын операцияны УКМКнын «Альфа» отряды жүргүздү, Орозбек Опумбаевдин айтканы боюнча, алар ИИМдин тергөөчүсүнө баш ийип муну жасашыптыр. Бирок бир дагы мыйзамда милициянын тергөөчүсү спецназга мындай тапшырма бере алат деп жазылган эмес. Бул ойдон чыгарылган нерсе», -деди Какчекеев. 

Запастагы полковник 2005-жылы эле жеке менчигин колуна курал алып коргоого уруксат берүүчү мыйзам кабыл алынганын эске салды. А Алмазбек Атамбаев болсо, куралы бар экенин, келишсе ок чыгараарын эскерткен болчу.