12.11.2019 10:36

Ассоль Молдакматова качкын президент Аскар Акаевди мактаган тасма тартты

Ассоль Молдакматова качкын президент Аскар Акаевди мактаган тасма тартты

Телеалпаруучу Ассоль Молдокматова Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевден интервью алды. Кечээ ал маектешүүнү Youtube-каналына койгон. 

Интервью Акаевдин 75 жылдыгына карата тартылып, анда анын жашоосу жана илимий ишмердиги тууралуу сөз болот. Тасма - бир сааттык. 

Белгилей кетсек, видеодо негизги басым Кыргызстандын Аскар Акаев башкарып турган кездеги жетишкендиктерине, анын өлкөгө кошкон салымына жасалган. 

Качкын президент өзүнүн ойлору жана эскерүүлөрү менен бөлүшөт. Аскар Акаевдин айтымында, ал жетектеп турган кезде өлкө демократия аралчасы жана реформалардын лидери катары таанылып, ошол себептен республикага инвесторлор келип баштаган. Ошол маалда мамлекетте жаралган көйгөйдүн баарына Акаев «саясий элитаны» күнөөлөйт.

Качкын президент  Кыргызстан элинин алдында абийири таза экенин баса белгилейт. Анын айтымында, ошол убакта башкы прокурор болуп турган Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы бардык завод-ишканаларды текшерип, бирок Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык активдерди таба алган эмес.

«Материалдык байлык таба алышпай, валюталык активдерди издеп башташкан. Белгилүү изкубар Либерманды жалдашып, Бакиевдин өтүнүчү менен ФБР жардамдашкан. Мени актап чыгышты деп эсептейм. Менин абийирим таза, мен ал үчүн Бакиевге ыраазымын. Ушундай жол менен болсо да, ал менде эч кандай валюталык актив жок экенин далилдеди», - деди Аскар Акаев.