23.05.2018 09:32

Астанада базардагы эл кызды сактап калуу үчүн эскалаторду колдору менен токтотушту

Астанада базардагы эл кызды сактап калуу үчүн эскалаторду колдору менен токтотушту

22-майда Астананын борбордук базарында  2 жаштагы кызды эскалатордун тепкичтери тартып кете жаздады. Жардамга чакырып кыйкырган үндү уккан базардын башка коноктору өлүм оозунда турган кызды куткаруу үчүн эскалаторду колдору менен токтотууга шашышты. 

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, бөбөктү №2 Шаардык балдар бейтапканасына алып кетти. Кабыл алуу бөлүмүндө дарыгерлер жабыркаган кызды карап чыгышты. Эки колунун манжаларындагы жаракаттарды тазалап, гипс коюшту.

Бул иш-чаралардан соң дарыгерлер баланын абалын туруктуу деп баалап, үйүнөн дарыланууга жөнөтүштү.