26.04.2020 09:00

Бишкекте тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып кетти (видео)

Бишкекте тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып кетти (видео)

Жол кырсыгы Бишкектин Чүй жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 18:00-19:00дөр чамасында катталган. Кырсыктын видеосун күбөлөр интернетке жүктөштү.

Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автомобиль тез жардам унаасын капталдан сүзгөн. Кагышуудан кийин эки унаа тең оодарылып калган. Жеңил унаада айдоочу жалгыз баратканы жана тез жардамда айдоочу жана эки медицина кызматкери болгону маалымдалат.

Бишкек шаардык ыкчам медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов жергиликтүү басылмалардын бирине адамдар катуу жаракат албаганын билдирген.

«Тез жардам кызматынын унаасында фельдшер, дарыгер жана айдоочу бара жаткан. Фельдшер анча чоң эмес жаракат алып, ошол жерде медициналык жардам көрсөтүлдү. Оор жаракат алгандар болгон жок», – деп билдирген Борисов.

Жол кырсыгы катталган жерге жардам көрсөтүү максатында дагы бир тез жардам келген. Бактыга жараша оор жаракат алгандар болгон эмес.