14.11.2018 14:58

Астанада бомба тууралуу маалыматтан улам 2 миңге жакын адам мектептен чыгарылды

Астанада бомба тууралуу маалыматтан улам 2 миңге жакын адам мектептен чыгарылды

Астана шаарында бомба тууралуу маалыматтан улам №22 мектептен 2 миңге жакын адамды шашылыш чыгарууга туура келди. Бул туурасында Ca-news билдирди.

Шаардын полиция департаментинин маалыматына караганда, бүгүн, 14-ноябрда эртең мененки саат 8:00дө мектеп директору полициянын нөөмөт бөлүмүнө чалган. Жетекчи өз сөзүндө мектепке белгисиз бирөө телефон чалып, саат 11:00дө мектеп имараты жардырыла турганын билдиргенин айткан.

Мындан улам, мектепке полиция кызматкерлери жиберилип, имарат курчоого алынган. Ичиндеги 1800дөн ашык адам сыртка чыгарылган.

Текшерүү 10:05те аяктаган. Коркунучтуу жана тыюу салынган эч нерсе табылбагандыктан, курчоо алынган.
Ыкчам-иликтөөлөрдүн натыйжасында 15 жаштагы окуучу кармалган. Ал бейбаштык кылганын мойнуна алган. 

Учурда терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, Казакстандын Кылмыш-жаза кодекси боюнча киши өлтүрүү, зордуктоо, бейбаштык, уурулук, тоноочулук, опузалап акча алуу, терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү сыяктуу кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап  жоопкерчиликке тартса болот.