11.07.2018 08:30

«Ата-Бейиттеги» Ч.Айтматовдун  эстелигинде июлдун соңунда оңдоо иштери башталат

«Ата-Бейиттеги» Ч.Айтматовдун  эстелигинде июлдун соңунда оңдоо иштери башталат

«Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелиги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мындай маалыматты Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкен. 

Маалыматка караганда, оңдоо иштери июль айынын аягында башталып, сентябрга чейин бүткөрүлөт. Буга 1 миллион 500 миң сом бөлүнөт. Эстеликтин мрамордон жасалган дубалдары, таман таштар, орундуктар, жазуучунун сөөгү жашырылган жердин гранит тосмосунун айрым бөлүктөрү алмаштырылат.

Эскерте кетсек, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ата-Бейиттеги» мемориалы 2013-жылы ноябрь айында курулуп бүткөн. Ага өлкө казынасынан 15 миллион сомдон ашык акча сарпталган. Анын мрамордон жасалган дубалынын аянты 106 чарчы метр. 

Бирок мемориал курулуп бүткөнүнө бир жыл айланбай эле анын айрым бөлүктөрү урап баштаган. Буга үстүнө кышкысын кар түшүп, суу акканы себеп болгон.