08.05.2019 17:35

Улуу Ата Мекендик согуштун Бишкектеги эстеликтери

Улуу Ата Мекендик согуштун Бишкектеги эстеликтери

Улуу Ата Мекендик согушу, анын кесепеттерин башынан өткөргөн ардагерлердин эрдиги эч качан өчпөйт жана унутулбайт. Кандуу согуш тууралуу айтып берчү биринчи маалымат булактары болгон ардагерлердин саны жыл сайын азайып жатат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда быйыл 356 гана ветеран 9-май жеңиш майрамын белгилеп жатат. Алардын мекен үчүн жасаган баатырдыгын келечек муунга эстеликтер, айкелдер жана мемориалдык комплекстер жеткирет.