09.05.2020 15:57

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасындагы фракция лидери Сергей Миронов Алмазбек Атамбаевди, КСДП жана Кыргызстандыктарды куттуктады

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасындагы фракция лидери Сергей Миронов Алмазбек Атамбаевди, КСДП жана Кыргызстандыктарды куттуктады

«Справедливая Россия» партиясынын төрагасы Сергей Миронов Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди, Кыргызстан Социал-Демократиялык партиясынын мүчөлөрүн  жана өлкөнүн жарандарын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

Сергей Мироновдун куттуктоосунда:

«СССР элдеринин биримдиги, теңдешсиз баатырдыгы, өз жанын аябастыгы, адилеттүү максат үчүн бир турганы менен  кара мүртөз  душманды жок кылууга мүмкүн болду.  Өз жерин бошотту.  Москваны коргоо, Сталинград жана Курск салгылашуусу,  Улуу Ата Мекендик согуштун башка маанилүү салгылашуулары совет элин жеңишке жеткирген күчтүү эрктин жаркын мисалы болду.

Советтик жоокерлердин курчоодо калган Европаны боштууда көрсөткөн эрдиги үчүн аларга аскер-бошотуучу деген сыймыктуу наам ыйгарылган. Улуу Жеңиш баа жеткис. Согуш миллиондогон советтик адамдардын өмүрүн алып кетти  жана ар бир үй-бүлөгө терең жарат  калтырды.

Биз үчүн ыйык бул күндө баатырлардын эрдигин урматтайбыз жана жеңиш үчүн фронт менен тылда жан аябай эмгек кылгандарга,  дүйнө элдерин кырып жок кылуудан жана кулчулуктан сактап калган, азыркы муундардын бейпил келечеги үчүн өз өмүрүн бергендерге чексиз ыраазыбыз.

Биз  Улуу Жеңиштин мураскорлору  Экинчи Дүйнөлүк Согуш менен Улуу Ата Мекендик Согуш окуялары жөнүндө тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербей, Советтер Союзунун нацизмди, фашизмди жана милитаризмди талкалоодогу талашсыз чечүүчү ролун сактап калуу аракетин токтотпойбуз.⠀

Азыркы муундун жана сиз менен биздин милдетибиз - биздин ата-бабаларыбыздын эрдигин унутпай, ынтымактуу өлкөлөрүбүздүн Улуу Жеңишин сактап, өткөрүп берүү.

Бул согуш жөнүндө чындыкты унутуп калуу, трагедиянын кайталанышына түрткү берүү.

Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен! Жеңүүчү элге-даңк! Баатырларга түбөлүккө эскерүү!»,-деп айтылат куттуктоодо.