21.05.2019 13:29

Ата-эне: Токмок төрөт үйүндөгү врачтар балабызды алмаштырып коюшту

Ата-эне: Токмок төрөт үйүндөгү врачтар балабызды алмаштырып коюшту

Акыркы убакта бала алмаштырууга шектүү, деп дарыгерлерге нааразы болгон ата-энелердин саны көбөйүп жатат. Бул ирет эгиз балалуу болгон ата-эне, Чүй райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлерине дооматтарын айтышууда. Алардын айтымында, ак халатчандар эгиздердин бирин жансыз баланын денесине алмаштырып жиберишкен.

Өз кезегинде медицина кызматкерлери айыптоолорду четке кагып, кош бойлуу эненин мөөнөтүнө жетпей көз жарганын айтып, балдар оорулуу төрөлүшкөнүн жар салышты.