Ош шаарындагы төрөтканада дарыгерден тартып ымыркайларга чейин коронавирус менен оорушууда

Ош шаарындагы төрөтканада дарыгерден тартып ымыркайларга чейин коронавирус менен оорушууда

Бүгүн, 28-майга карата Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 15 медицина кызматкери, 14 эне жана беш ымыркай вируска чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардык төрөт үйүндө мурда да вирус жуккан учур катталып, төрөткана карантинге жабылган. Кийинчерээк ал жерге обсервация ачылган.

Саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада Ош шаарында 35 адамдан коронавирус аныкталганын бүгүн, 28-майда брифингде кабарлаган.

Учурда республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1594 кишиге жетти. Ичинен 1066сы сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ооруканаларда 512 бейтап жатышат. 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. 16 киши коронавирус илдетинен каза табышкан.