04.04.2019 14:00

Атактуу врачтардын сүрөттөрүн колдонуп, жасалма дары-дармектерди саткандардан абайлаңыздар!

Атактуу врачтардын сүрөттөрүн колдонуп, жасалма дары-дармектерди саткандардан абайлаңыздар!

Ичеги курттарды түшүрүүчү препараттар, мырзалардын көйгөйлөрун чечүүчү дарылар - айрым сайттарды карасаң, белгилүү эле Кыргызстандын доктурлары интернетте дарыларды жарнамалап жүргөн болот. Бирок ишенүүгө шашылбагыла. Ак халатчандардын сүрөттөрүн колдонуп күмөндүү сайттар өз препараттарын биздин элге берип, сынактан өткөрушу да ыктымал дейт медиктер.

Кайсы дарыгерлердин атын кимдер сатып, элге эмне продуктуларды ичиртип жатышат?