12.03.2019 10:02

Россияга дары-дармекти мыйзамсыз алып кирген кыргыз жараны соттолду

Россияга дары-дармекти мыйзамсыз алып кирген  кыргыз жараны соттолду

Россия аймагына дары-дармекти мыйзамсыз алып кирген кыргыз жараны бир жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында РФ Тергөө комитетинин Оренбург облусу боюнча тергөө башкармалыгынын расмий сайтында айтылды.

Сот облустук тергөө органдары тарабынан чогултулган далилдерге таянып, 27 жаштагы кыргыз жараны Ибрахимжон Карим уулун Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 238-беренеси боюнча (Россия аймагына сатуу үчүн каттоодон өтпөгөн дары-дармектерди ири өлчөмдө мыйзамсыз алып кирүү)  күнөөлүү деп тапты. 

Тергөө жана сот аныктагандай, 2018-жылдын 28-ноябрында Карим уулу жүк ташуучу унаа менен Акбулак районундагы мамлекеттик чек арадан гепатитке, вируска каршы таблеткаларды, мите инфекцияларын дарылоочу препараттарды алып кирген. Жүктүн жалпы наркы 2 млн. 200 миң рублди түзгөн.

Тергөө аны Россия аймагына каттоодон өтпөгөн дары-дармектерди алып кирүүгө жана сатууга болбой турганын билип туруп, бул ишке барган деген бүтүм чыгарган. 

Сот өкүмү менен Карим уулу бир жылга жалпы режимдеги түзөтүүчү колонияга кесилди. Өкүм азырынча күчүнө кире элек.