Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен 164 кыргыз жараны мекенине кайтты

Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен 164 кыргыз жараны мекенине кайтты

«Манас» эл аралык аэропортунда 20-майда «Тез Джет» авиакомапаниясынын Оренбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, 164 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды.

Кыргызстанга келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылары айтылат.

Бул рейс Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылганы белгиленди.